Флюорит

Википедия дан
Флюорит.

Флюорит (лат. fluere - агуу), плавик шпаты - галоид бирикмесине кирүүчү минерал, кальций фториди (CaF2).

Курамынын 51,33% ин Са жана 48,67% ин F түзөт. Морточо Катуулугу 4, тыгыздыгы 3,2 г/см3, с. салм. 3-3,5. Куб сиетемасында кристаллдашат. Флюориттин айрымдары түссүз, көбү кызгылт көк, кызгылт, сары, жашыл, күрөн түстө. Гидротерм эриндисинен пайда болуп, көбүнчө кенташ тарамчаларында кезигет. Фтордуу эриндилердин акиташ тегине тийгизген таасиринен Флюориттин ири метасоматоз кендери пайда болот. Флюорит. - өнөр жайлык маанилүү сырьё. Негизинен металлургияда флюс (белгилүү физикалык жана химиялык касиеттеги шлактарды түзүү үчүн шихтага кошулуучу материал) катары колдонулат. Дүйнөнү Флюорит менен камсыздоочу өлкөлөргө Мексика, Моңголия, TAP, Испания, Кытай ж. б. кирет. Химия өнөр жайында фтордуу суутек к-тасын, жасалма криолит алууда керектелет; карапа өндүрүшүндө (эмаль жана глазурь үчүн) жана оптикада пайдаланылат.[1]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
  1. Флюорит: касиеттери жана негизги мүнөздөмөлөрү