Импотенция

Википедия дан

Импотенция (жыныс алсыздыгы) негизинен эркектин жыныстык катнашууга жөндөмсүз абалы.

Импотенцияга айрыкча ички жана сырткы жыныс органдарынын (простата бези, тукум ыйлаакчалары, эн бези, жыныс мүчөсү) тубаса кемтиги, функциясынын бузулушу себеп болот. Жыныстык катнашууда өзүн өзү кемсинтүү, ооруну сезүү, бири бирин жактырбоо же түгөйлөрдүн уялышы жыныстык катнашуунун начарлашына алып келет. Мындай псевдоимпотенциянын түрү эркектерде да, аялдарда да жолугушу ыктымал. Импотенциянын нейрогумордук түрү борбордук нерв системасынын (психоз, олигофрения, неврастения, невроз) жана ички секреция бездеринин ооруларында (кант оорулары, богок) келип чыгат. Өтө чарчоо, уйкунун бузулушу, кайгы капага чөгүү, баш оору, болор-болбоско ачуулануу, ошондой эле омуртка же жүлүн оорулары (омуртканын сынышы, жүлүндүн басылышы, жүлүндүн сезгениши жана башка) Импотенцияга дуушарлантышы мүмкүн. Импотнциянын негизги белгилери: эркектин жыныс мүчөсүнүн чыңалышынын начарлашы, ошондой эле уруктук суюктугунун (эрендик) түшүүсүнүн бузулушу. Урук суюктугу (сперма) жыныстык катнашууга чейин эле куюлуп, эркек алаптануу, дүүлүгүү менен чектелип, жыныс мүчөсүнүн чыңалышы начарлайт, жыныстык катнашууга жарабай калат. Урук суюктугунун бөлүнүшүнүн (эякуляциянын) бузулушу оорунун себебине жараша болот. Эякуляциянын өзгөрүшүндө аялдын кылган мамилеси зор мааниге ээ. Ошондой эле такай ичкилик ичүү, тамеки тартуу борбордук жана четки нерв системасына терс таасир берип, Импотенцияга түрткү бериши ыктымал. Жыныс мүчөсүнүн чыңалышы (эрекция) — эякуляцияга байланыштуу болот. Эрекциянын начарлашы көбүнчө омуртка, жүлүн ооруларында жана жыныс мүчөсү кырсыкка учураганда байкалат.

Эркек балдардын эн безинин сезгениши же чандыр (чурай) каналында кармалып калышы, өспөй калышы, ички секреция бездеринин (уйку бези, калкан сымал без, бөйрөк үстүндөгү без, гипофиз) аткарган кызматынын начарлашы Импотенцияга түрткү бериши мүмкүн. Узак убакытка жыныстык катнашуудан баш тарткан, тескерисинче жыныстык катнашууну эрте баштаган, түрдүү жол менен жыныс мүчөсүн чыңалтууга аракеттенген эркектерде И. эрте болот. Жыныстык катнашууну туура пайдалана албаган түгөйлөрдө күнөөнү бири бирине оодара салуу менен үй-бүлөлүк турмушу бузулуп, ажырашууга түрткү болот. Дарылануу үчүн сексопатолог, гинеколог, уролог, невропатологго кайрылуу керек. Ал оорулуу адамды текшерүү менен себебин таап, дарылайт. Дарыгерге өз убагында көрүнүү дарыланууга шарт түзөт. Өз алдынча чаржайыт дарылануу же уялып дарылануудан баш тартуу оорунун создугуп, өнөкөт түрүнө өтүп кетишине алып келет.

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8