Инвалиддик

Википедия дан

Инвалиддикоорунун, кырсыкка чалдыгуунун, майып болуунун, өөрчүү кемтигинин натыйжасында узак убакытка, биротоло же жарым-жартылай эмгекке жөндөмдүүлүктү жоготуу.

Инвалиддиктин белгиси

Эмгекке жарамсыздыгына жараша Инвалиддик 3 топко бөлүнөт.

  1. топтогу Инвалиддик такай же узак убакытка такыр иштей албай, башка кишинин багуусуна муктаж болгондор, ошондой эле өзгөчө шартта уюштурулган эмгекке ыңгайланган кишилерге белгиленет (атайын цехтер, үйдөн иштөөчү жумуш жана башка).
  2. топтогу Инвалиддик такай же узак убакытка эмгекке жарамсыздыгы жоголуп, башка адамдын багуусуна муктаж болбогондорго, ошондой эле оорусунун күчөшүнөн узак убакытка ишке жарабай калган адамдарга берилет.
  3. топтогу Инвалиддик ден соолугуна байланыштуу өзүнүн мурдагы ишин уланта албагандыктан жеңилирээк жумушка которулгандарга берилет.

СССР мыйзамдарында пенсиянын өлчөмү ж.б. социалдык жардамдын мүнөзү жана көлөмү Инвалиддиктин тобуна жана анын себебине жараша чектелген. Эмгекке жарамдуулукту жоготуунун деңгээлин, Инвалиддиктин себебин социалдык камсыздоо органдарынын дарыгердик эмгек эксперт комиссиясы аныктайт, ошондой эле алардын ден соолугуна байланыштуу эмгектин түрүн жана шартын, ылайыктуу кызматты, адистикти белгилейт. Комиссия өзүнүн чечимине ылайык инвалиддердин жумушка туура орношуусун текшерет жана инвалиддердин эмгекке жарамдуулугун калыбына келтирүүгө жардам көрсөтөт.

Дене түзүлүш жагынан майыптыгы барларга, өнөкөт оору менен жабыркаган түрдүү курактагыларга, ошондой эле 60 жаштан өткөн эркектерге жана 55 жаштан ашкан аялдарга Инвалиддик мөөнөтсүз белгиленет. Дарылоо жана башка чаралардын натыйжасында инвалиддердин басымдуу көпчүлүгүнүн коомдук иштерге кайтып келүүсү улам көбөйүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8