Инвестициялык мыйзам

Википедия дан

Инвестициялык мыйзам - бул мамлекеттеги инвестициялык жагдайды аныктоочу негизги фактор болуп эсептелет жана инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоонун бекемдигине жардам берүүгө чакырылган.

Инвестициялык мыйзамды иштеп чыгуу учурунда жол берилген жаңылыштыктар мамлекет узак мөөнөткө потенциалдуу инвесторлордун ишениминен ажырап кала тургандыгына алып келери дүйнөлүк практикадан белгилүү.

Кыргызстанда чет өлкөлүк инвестиция ишин турмушка ашыруу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуучу негизги нормативдик-укуктук акт Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-майындагы толуктоолор менен 1997-жылдын 24-сентябрындагы «Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк инвестициялар жөнүндө» Мыйзамы болуп эсептелет.

Бул Мыйзам Кыргызстандагы чет өлкөлүк инвесторлор үчүн улуттук режимди белгилейт, б.а., кайсы формадагы болбосун инвестицияларды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, аны менен байланышкан ишти мындай жагдайда Кыргызстандын жарандарынын жана юридикалык жактарынын инвестицияларына берилгенден да кыйла жагымдуу шартта жүзөгө ашыруу укугун берет.

«Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк инвестициялар жөнүндө» Мыйзамы менен катар Кыргыз Республикасындагы улуттук мыйзамдарда чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана республикадагы чет өлкөлүк инвесторлордун аныктоочу инвестициялык иши үчүн жагымдуу шарт түзүүгө багытталган бир катар нормативдик актылар иштейт. Чет өлкөлүк капиталды өтө жигердүү пайдалануу максатында артыкчылыктуу багыттарды бөлүп берүү зарыл, андай багыттарда салымдар кубатталууга тийиш. Дүйнөлүк практикага ылайык, о. э. чет өлкөлүк капиталды кабыл алуучу өлкө катары Кыргызстандын аймагында чет өлкөлүк инвестицияларды жайгаштыруу учурунда чектөөлөр белгиленүүгө тийиш.

Чет өлкөлүк инвестициялар үчүн тармактар менен региондордун тизмесин иштеп чыгуу зарыл. Чет өлкөлүк жигердүүлүктү кайра жаратуу үчүн орто мөөнөттүү перспективада төмөнкүдөй чараларды да жүргүзүү керек: биринчиден, материалдык өндүрүштүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн чөйрөсүнө соода-ортомчулук жана кызыл кулактык чөйрөдөн капиталдын келишинин процессин мамлекеттик колдоону камсыз кылуу керек. Экинчиден, калктын аманаттарын инвестициялоонун өсү шүнө жардам берүү маанилүү. Бул үчүн банктардын ж. б. финансылык структуралардын финансылык абалы жөнүндө жетиштүү жана туура маалыматка контролдук кылуунун негизинде салымдардын кепилдигинин даражасын жогорулатуу керек. Үчүнчүдөн, тездетилген амортизация методун тандап алууну структуралык саясат менен айкалыштыруу саясат, бул метод жогору технологиялык өндүрүштөргө, о. э. артыкчылыктуулардын курамына кирген өндүрүштүн бардык тармактарына жайылтылууга тийиш экендигин көңүлгө алуу керек.


Прогрессивдүү структуралык-технологиялык кайра түзүүлөргө жана социалдык мүнөздөгү милдеттерди да, жеке инвестицияларды мамлекеттик стимулдаштырууну да чечүүгө багытталган максатка багыт алдырылган мамлекеттик инвестициялык саясат зарыл. Аягында Кыргызстандын экономикасынын андан ары өнүгүшү жана анын өсүшүнүн тенденциясы көп жагынан тышкы ресурстардын келиши менен аныктала тургандыгын белгилей кетүү зарыл.

Мамлекеттин кепилдиги менен келип жаткан инвестициялык агымдар тышкы карызды тейлөөгө мамлекеттин мүмкүнчүлүгү аркылуу аныкталат. Ушуга байланыштуу программалык инвестициялык долбоорлордон түз инвестицияларга өтүү Кыргызстандын алдында турган негизги милдеттердин бири болуп эсептелет. Жеке инвестициялар үчүн жагымдуу шарт түзүү координацияланган мамлекеттик саясатты талап кылат. Мындай шарттын компоненттери маалыматтык камсыз кылуу, инвестициянын сервиси жана инвесторлор үчүн ыңгайлуулук түзүүчү көп башка компоненттер болуп эсептелет. Бул милдеттерди аткаруу үчүн «сервис борборун» түзүү эң маанилүү, ал кызмат көрсөтүүлөрдүн толук көрүнүштөрү менен потенциалдуу инвесторлорду камсыз кылат.

Борбор инвестициялардын дүйнөлүк рыногунда Кыргызстанды «жарнамалайт», чет өлкөлүк инвесторлорго да, жергиликтүү мүмкүнчүлүктүү өнөктөргө да долбоорлордун менеджментине чейин, республикада бизнес уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн толук маалыматын берет. Ошентип акырында, бүгүнкү күндөгү кырдаал Кыргызстандын экономикасына салымдарга таламдаш инвесторлор үчүн шарт түзүү боюнча бардык таламдаш ведомстволордун ишин координациялоону жана арттырууну талап кыла тургандыгын белгилей кетүү керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9