Инвестициялык суроо-талаптын ийри сызыгына проценттин ставкасы менен байланышпаган факторлордун таасири

Википедия дан

Инвестициялык суроо-талаптын ийри сызыгына проценттин ставкасы менен байланышпаган факторлордун таасири - Суроо-талаптын ийри сызыгынын инвестицияларга карата жылышы проценттик ставка менен байланышпаган факторлордун эсебинен келип чыгышы мүмкүн.

Инвестициялардын кирешелүүлүгүн көбөйтүүчү (күтүлүп жаткан) жана ийри сызыкты оңго же солго жылдырып туруучу факторлорду карап чыгалы:

  • а) Жабдууларды сатып алууга, пайдаланууга кеткен чыгымдар. Чыгымдарды көбөйтүү учурунда нормативдик таза пайда (НТП) азаят, демек, ийри сызыкты солго жылдырат.
  • в) Ишкерге салыктар. Салыктар көбөйгөн учурда нормативдик таза пайда азаят, бул ийри сызыктын солго жылышына алып келет.
  • c)Технологиялык өзгөрүүлөр. Алдыңкы технологиялык өзгөрүүлөр ийри сызыкты оңго ооштурат.
  • d) Колдогу негизги капитал - өндүрүштүк кубаттуулуктар. Өндүрүштүк артыкбаш кубаттуулуктар эгерде негизги өндүрүштүк фондулар (НӨФ) менен жетиштүү жабдуулар болсо инвестициялардын ийри сызыгын солго жылдырат.
  • e) Күтүүлөр. Ишканалардын жетекчилеринин келечектеги пайданы күтүүгө карата оптимизми (үмүгкөрдүгү) ийри сызыкты оңго, пессимизми (үмүткөрсүздүгү) солго жылдырат.

Күтүүлөр пайдага таасир тийгизүүчү факторлордун божомолдорунун (прогноздорунун) негизинде түзүлөт:

  • саясий кырдаал,
  • демографиялык жагдай, фонд биржасындагы шарттар ж.у.с.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9