Индонез тилдери

Википедия дан

Индонез тилдери - Филиппин, Тайвань, Чоң жана Кичи Зонд, Молукк аралдарында, Малакка жарым аралдарында, Түштүк Вьетнамдын кээ бир райондорунда, Мадагаскар аралында жашаган элдердин тили.

Индонез тилдери (диалектилери менен бирге алганда) 190го жетет. Малай-полинез тилинин составына кирег. Өз ара тыбыштык составы, өзгөчө үнсүздөру боюнча айырмаланат; сөздөрүнүн көбү эки составдуу; грамматикалык жактан анча айырмаланбайт. Сөз түркүмдөрү начар жиктелгендиктен род, сан, жөндөмө, жак категориясы жок.

грамматикалык түзүлүшү боюнча индонез тилдери мүчөлөмө (агглютинациялама) тилдерге жатат. Индонез тилдеринин (батышында) сөздүк составында санскрит, араб, европа жана кытай тилдеринен кирген сөздөр басымдуу. Бул тилде сүйлөгөн элдердин адабий тилинин өнүгүшүнө узак убакыт колониялык эзүүдө жашагандыгы тоскоол болгон. Индонез тилдеринин айрымдарынын өзүнчө графикасы бар, айрымдарыныкы инди жазуу системасынын негизинде түзүлгөн.

Малай тили 13-19-кылымдарда араб графикасын пайдаланган, 19-кылымдан латын графикасында. Бул тил - Индонезиянын мамлекеттик тили.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9