Инкорпорациялама тилдер

Википедия дан

Инкорпорациялама тилдер - тилдердин структуралык тиби.

Булардагы морфологиялык, синтаксистик байланыш негизинен инкорпорация аркылуу ишке ашат. Инкорпорациялама тилдерге палеозия тилдери (чукот, коряк, алютор, керек, нивх тилдери) менен түндүк америкалык индеец тилдеринин бир тобу (дакота, цимшиан, паюх ж. б.) кирет. Кээде инкорпорациялама тилдерге чынында мүчөлөмө (агглютинациялама) эскимос, алеут сыяктуу тилдерди да кошкон учурлар бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9