Инсайт

Википедия дан

Инсайт (анг. insight – көрө билүү, түшүнүү) – жеке тажрыйбаларга жана кемчиликтерге таянган билимдер, бир нерсени илип алуу, дароо түшүнүү же үйрөнүү. Инсайт кубулуштары тууралуу илимий билимдердин көпчүлүгү 20-кылымдагы немец гештальтпсихологу Вольфганг Кёлердин жаныбарлардын жүрүм-турумуна арналган эмгектеринен алынган. Эксперименттеринин биринде Кёлер Султан аттуу ачка шимпанзе камалган тордун сыртына банандарды койгон жана шимпанзеге бананга жетүү үчүн кыска эки таякты карматкан. Эгер шимпанзе эки кыска таякты бириктирсе, анда сырттагы банандарды алуу өтө жеңилге турган. Бирок, Султан таяктардын ар бири менен банандарды алууга жасаган аракеттери эч натыйжа берген эмес. Кийинчерээк, кокусунан таяктарды бири бирине улаштырып, банандарга жеткен соң, Султан эч кимдин жардамысыз эле банандарга жетүү үчүн узун таяктарды пайдалана баштаган. Адамдарды маданиятка үйрөтүүдө да Инсайтты пайдаланууга болот. Бир кылган иш-аракетти көп жолу кайталоо аркылуу адамдар аны көнүмүш адатка айландырышат. Ушундай факторду (аракет) эске алуу менен адамдардын жүрүм-турумундагы аң-сезимсиз мотивдерди жана патологиялык бузулуулардын себептерин аныктоо үчүн инсайт психотерапияда жана психоанализде кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]