Инсбурк

Википедия дан
Инсбурк.

ИнсбуркАвстриянын түндүк-батышындагы шаар. Тироль жеринин (административдик-аймктык бирдик) административдик борбору. Альп тоолорундагы Бреннер ашуусуна жакын, Инн дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 111,7 миң (2007); шаар айланасы менен 250 миң; калкынын саны боюнча өлкөдөгү 5-шаар. Ири жол тоому. Австриянын батыш «көпүрөсү». Автобандар жана темир жол магистралдары аркылуу Мюнхен, Цюрих, Вена (Зальцбург Линц аркылуу), Венеция (Больцано Тренто) менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар.

1234-жылдан белгилүү. Текстиль, электр-техникалык, химиялык-фармацевтика, металл иштетүү, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Көркөм промысели (мозаика, айнек, металл буюмдар), кол өнөрчүлүк (белек буюм) өнүккөн. Туризмдин жана спорттун кышкы түрлөрүнүн борбору. 1964-ж. IX, 1976-ж. XII Олимпия оюндары өткөрүлгөн. Университет (1669), музейлер [Тироль край таануу «Фердинандеум» музейи, эл чыгармачылыгы] бар. Габсбургдардын Хофбург ак сарайы (14-18-к.), Хофкирхе чиркөөсү (1553-63), Ыйык Анна колоннасы (1706), Ландхауз (1725-28) монастыры жана башкалар сакталган. Европа музыка маданиятынын борборлорунун бири. Жыл сайын музыка фестивалдары, П. Хофхаймер атындагы органчылардын эл аралык конкурсу өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]