Интеграцияланган сабак

Википедия дан

Интеграцияланган сабак - (лат. integratio – бүтүнгө бириктирүү) – бири-бири менен байланышы бар окуу материалдарын окуучулардын аң-сезиминде бир бүтүн системага келтирүүгө арналган сабактын түрү.

Адатта мындай сабактар тектеш предметтерди окутууда колдонулат. Мисалы: физика - химиябиология; физикаматематика; физикабиологиямузыка; адабияттарых ж. б.

Мындай сабактарды эки же андан көп мугалимдер өткөрүшөт. Ал байланыштырылуучу предметтердин санына көз каранды болот. Интеграцияланган сабак көбүнчө жогорку класстарда, мугалимдердин өз ара макулдашуусу боюнча, кош сабактарга арналган убакытта уюштурулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,