Интервью

Википедия дан

Интервью (англ. interview — аңгемелешүү, маек) — публицистика жанры, журналисттин коомдук маанилүү маселелер боюнча бир же бир нече адам менен болгон маеги.

Интервьюну көбүнчө мамлекеттик, коомдук ишмерлер, белгилүү адамдар жана башкалар берет. ММКда кеңири таралган. Интервью негизинен маалымдоо жанры гана эмес, аналитикалык же көркөм-публ. жанр болуп эсептелет. Милдети жаңылыкты кабарлоо, коомдук пикир жаратуу. Өзгөчөлүгү ошол жаңылыктагы кайсы бир өзгөчө себептерге байланыштуу окурмандар үчүн маанилүү болгон пикирлер жеке адам аркылуу бериле тургандыгындандан ичкери теманын чегинде жана эркин (тема, суроо, түзүлгөн кырдаал жана башкалар менен аныкталат) түрдө болот. Интервью жанры, негизинен, кабарлоо интервью жана түшүндүрмө интервью болуп эки топко бөлүнөт, биринчиси журналист менен маектештин ортосундагы суроо-жооп. Экинчиси сүрөттөмө, «тегерек стол», пресс-конференция, брифинг, анкета. ММКнын түрүнө карата интервью радиоинтервью, телеинтервью жана башкалар болуп бөлүнөт. Интервьюнун сапаты журналисттин алдын ала даярдыгына жараша болот.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]