Интерферон

Википедия дан

Интерферонсүт эмүүчүлөрдүн жана канаттуулардын клеткалары вирустар жукканда жооп катары иштеп чыгарган коргогуч белок.


Ага вирустардын көпчүлүгү (арбовирустар, кызылча вирусу, сасык тумоо вирусу, энтеровирустар жана башка) сезгич келет. Клеткада Интерферондун пайда болушу аларда вирустардын өөрчүшүнө, башкача айтканда бөтөн нуклеин кислоталарынын киришине байланыштуу. Вирустан арылган жана таза клеткада Интерферон болбойт. Интерферон түрдүү вирустарга таасир этет, ал вирустардын организмде көбөйүүсүн басаңдатат. Интерферондун организмде пайда болушу киши менен жаныбарлар оорусунан айыгып кетишинде манилүү роль ойнойт. Бирок оорунун козгогучу абдан өөрчүп кетсе, бул коргогуч фактордун күчү келбей калат. Интерферон донордун канынын лейкоциттеринен лабораториялык шартта алынат. Медициналык практикада Интерферон вирустук ооруларды алдын алуу жана дарылоодо колдонулат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8