Интим лирикасы

Википедия дан

Интим лирикасы, (лат. – эң түпкүр, ички) – лирикалык каармандын көңүл туйгуларын, көкүрөк дартын ички тереңдиктен ачып берүүчү лирикалык ырлар. Мындай чыгармаларда коомдук маселелер, социалдык жагдайлар жөнүндө сөз жүрбөйт да, жеке керт баштын эң түпкүрдөгү катылуу купуя сырлары – кусалык, сагыныч, куштарлык, өкүнүч, кумарлануу, айрылуу азабы, сүйүүгө, доско, жарга мамиле сыяктуу сезимдин назик толгонуулары чагылып чыгат. Мында автор өзү менен өзү, же башка бир жакын кишиси менен сырдашат, ой бөлүшөт. Поэзиянын назиктик, майиндик сыяктуу касиеттери интим лирикасында өзгөчө көрүнөт, мунун баарын акын көбүнчө монолог формасында ишке ашырган. Интим лирикасы поэзиянын байыртан бери эле колдонулуп келген негизги жанрларынын бири болсо, ал кыргыз поэзиясында А. Осмоновдун чыгармачылыгына чейин ырааттуу түрдө көп байкалбады. Азыркы учурда интим лирикасы улуттук поэзиябызда кеңири тараган. Мисалы,

Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү,

Бүгүн түнү түшүңө кирсем экен.

Качаңкы кайрылбаган жаштыгыңдын

Бир үзүм жалынына күйсөң экен.

Ал түндө чертет сенин терезеңди

Сыдырым желге ийилип жаш бутактар.

Алыстан сапар тарткан каркыралар,

Сагынып көл үстүнөн жаз кучактар.

Анда сен эстей албай тааныш үндү,

Шарпылдак толкундарды сапырарсың.

Көздөрүң толуп кетип кусалыкка,

Обонун улуу жаздын чакырарсың.

Ал – үмүт бийиктикте жанып турган,

Сагыныч сени көздөй шашылышкан.

Өкүнүч көңүлдөгү аяр сезип,

Сезимге бир муңайым жашынышкан

Аны сен изде ташып, кайра толуп,

Шатырап кызыл кечте жамгыр болуп,

Издегин жүрөктөгү арзуу болуп,

Жазында таңды тосчу жаңы ыр болуп.

Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү,

Бүгүн түнү түшүңө кирсем экен.

Эсиңе түшө калган жаштыгыңдын

Бир үзүм жалынына күйсөң экен,

Чын эле мен түшүңө кирсем экен...

(А. Узакова)

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]