Инфляциянын кесепеттери

Википедия дан

Инфляциянын кесепеттери:

а) Инфляция катталган киреше алгандарды (пенсионерлер, студенттер, пособие алуучулар ж.у.с.) салыкка бастырат. Кирешенин төмөндөп кетпеси үчүн, аны инфляциянын темпин эсепке алууга ылайыктуу түзөтүп туруу зарыл. Инфляциядан жашоо наркына салыштырганда алда канчалык арбын кирешеге ээ болгондор утушат;

в) Күтүүсүздөн келген инфляция эгерде салымдар боюнча проценттер, дивиденддер инфляциянын темпине үлгүрө албаса, накталай аманат ээлерин, катталган кирешеси менен финансы активдерин кармап туруучуларды жазалайт;

c) Инфляциядан эгерде кредит боюнча проценттерди инфляциянын темпи эсепке албаса, кредиторлор жапа чегишет. Бирок күтүүсүз инфляция кредиттердин эсебинен карыз алуучуларга пайда келтирет;

d) Инфляциядан бааларды пландаштыруудагы кыйынчылыктардан, күтүүсүздүккө байланыштуу, өзгөчө узак мөөнөттүү перспективага инвестициялык долбоорлорду, божомолдоодогу көбүрөөк тобокелдиктен улам ишкерлер да жапа чегишет;

e) Жалпысынан макроэкономикалык кырдаал начарлайт. Экономикалык өсүштүн басаңдашы келип чыгат. Инфляцияны токтотуу баасы өтө кымбат. Бул өндүрүштүн чөгүшү жана жумушсуздук. Коомдун кирешелердин деңгээли боюнча кескин катмарланышы пайда болот.

Өткөөл экономикада инфляциялык эшилме сызык (спираль) дегенди эске алуу керек. Кыска мөөнөттүү мезгилде жумушсуздук менен инфляциянын деңгээлинин ортосунда терс байланыш болот, аны Филлипстин ийри сызыгы сүрөттөйт. Филлипстин оригиналдуу жана инфляциялык ийри сызыгын айырмалашат. Филлипстин инфляциялык ийри сызыгы сүрөттө көрсөтүлгөн.

Өкмөт, жалпы чыгашаларды башкаруу менен кыска мөөнөттүү мезгил үчүн жумушсуздуктун (U) жана инфляциянын (р) деңгээлдеринин белгилүү комбинациясын ийри сызыктан тандап ала алат, инфляцияны күтүү Филлипстин ийри сызыгын оң жакта жогору карай жылдырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9