Инфляцияны өлчөө

Википедия дан

Инфляцияны өлчөө. Инфляция, акчалардын монетардык теориясына ылайык, жүгүртүүдөгү акча массасынын ашып калышы менен өлчөнүүгө тийиш.

Бирок практикада муну жасоо татаал. Ошондуктан, инфляцияны өлчөө баалардын өсүшүнүн теориясына, атап айтканда, баалардын индекстеринин негизги түрлөрүн аныктоого алып келет.

Баалардын индекси - бул жылдын баасынын базистик жылдын баасына карата катышы, б.а.: I = (Pt/ Рв)* 100%.

Баалардын индекстеринин төмөнкүдөй негизги түрлөрүн ажыратышат:

  • керектөө бааларынын индекси,
  • дүң баалардын индекси,
  • баалардын индекси - УДПнын ачык эмес дефлятору,
  • экспорттук жана импорттук баалардын индекси.

Баалардын деңгээлинин өтө көп пайдаланылуучу көрсөткүчү керектөө бааларынын индекси (I) болуп эсептелет - бул t жылында керектөө себетинин баасынын (Р) анын базистик жылдагы (Ь) баасына карата катышы.

Керектөө бааларынын индексин эсептеп чыгарууда бардык түпкү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр эмес, типтүү үй чарбасы сатып алууга жетишкен «Керектөө себетине» кирген товарлар гана көңүлгө алынат.

Буга негизги азык-түлүктөр, негизги азык-түлүк эмес товарлардын топтору (кийим, бут кийим, турмуш-тиричилик товарлары) жана негизги кызмат көрсөтүүлөр (медициналык, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр, байланыш, эс алуу, маданият, өздүк гигиена) кирет.

Мисалы, Кыргызстан боюнча бул индекс 1997-жылдын январь-ноябрында 113,2%ти, 1998-жылдын январь-ноябрында - 113,5%, ал эми 2008-ж. 120,0%, 2009-ж. - 100% ти түзгөн. Дүң баалардын индекси фирмалар тарабынан сатылып алынган товарлардын типтүү топтому болуп эсептелет.

Дагы бир тактоо жасайлы. Товарлардын өзгөрүлгүс топтому үчүн эсептелген баалардын индекси Ласпейрестин индекси деген аталышты алган. Бирок ал өтө кымбат товарларды өтө арзан товарлар менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн эсепке албайт, б.а., товардык структуранын мүмкүн болуучу өзгөрүлүшүн жеткире баалабагандык келип чыгат. Өзгөрүлүүчү топтом үчүн эсептелинүүчү, б. а., товардын өз ара алмашылып турушунун мүмкүнчүлүгүн эске алуучу индекс Паашенин индекси деп аталат.

Бирок Паашенин индексинде ушул учурда болуп өткөн жыргалчылык деңгээлинин төмөндөшү чагылдырылбайт. Фишердин формуласы эки индекстин тең кемчиликтерин жоёт. Сүрөттөлгөн индекстердин аналитикалык туюнтмасы төмөн жакта келтирилди. Ласпейрестин формуласы боюнча баалардын өсүшүнүн индекси (CP): Iı = (ZPt* Qb)/( 1Рь* Qb)

Паашенин формуласы боюнча баалардын өсүшүнүн индекси (УДПнын ачык эмес дефлятору): Ip=(SPt* Q,)/(2Pb* Q.)

Фишердин формуласы боюнча баалардын өсүшүнүн индекси: If= 2Ii*IP If= V[(2Pt* Qb)/ (DPb* Qb)]* [(ZP,* Qt)/ (W Qt)],

мында: Pt - t жылдын баасы, Рь - базистик жылдын баасы, Qt - t жылында чыгарылган продукциянын көлөмү, Qb - базистик жылда чыгарылган продукциянын көлөмү.

Эгерде CPI керектөө себетинин наркын гана эске алса, анда жалпысынан экономика боюнча кыйла толук көрсөткүчтү - УДПнын дефляторун - номиналдык УДПнын реалдуу УДПга карата катышын пайдалануу туурараак.

Дефлятор керектөөчүлүк, инвестициялык товарлардын бардык түрлөрүн камтыйт. Ал, CPIre караганда кененирээк болсо да, ай сайын анын маалыматтарын чогултуп туруу өтө татаал. Ошондуктан көп өлкөлөрдө ар айлык статистикада СР1ни пайдаланууну артык көрүшөт. Узак мөөнөттүү перспективада бул көрсөткүчтөр өз ара жакындашат.

Көп учурда бир катар макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү эсептеп чыгарууда инфляциянын темпи деп аталган түшүнүк пайдаланылат. Ал учурдагы мезгилдин бааларынын индексинин жана мурдагы мезгилдин бааларынын индексине карата өткөн мезгилдин бааларынын индексинин айырмасынын катышы катары аныкталат: п = [It - I(t-i)/ I(t-i)]* 100%

Көрсөткүчтүн жардамы менен инфляциянын темпин, мисалы, Фишердин формуласы боюнча номиналдык проценттик ставка менен реалдуу проценттик ставканын ортосундагы катышты аныктоого болот: i = г + п

мында: i - проценттик ставканын номиналдык мааниси, г - проценттик ставканын реалдуу мааниси.

Инфляциянын туруктуу темпи байкалган өлкө үчүн баалардын деңгээлин эки эселетүү үчүн зарыл жылдардын санын эсептеп чыгуу максатында «70 чоңдугунун эрежесин» пайдаланууга болот, ага ылайык, 70 санын инфляциянын ар жылкы денгээлине бөлүштүрүү керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9