Инфракызыл нур

Википедия дан
ИТ

Инфракызыл нур менен кактап, жылытканда ткандагы алмашуу процесстери тездеп, кан тамырлар кеңейет, ткандардын азыктануусу жакшырат. Ультракызгылт көк нурлар таасир эткенде териде биологиялык активдүү заттар (гистамин, Д витамини) пайда болуп, организмдин инфекцияга туруктуулугу артат, алмашуу процесси калыптанат, аллергендерге сезгичтик (Аллергия) төмөндөйт. Заттын оптикалык касиети инфракызыл нурданууда заттын (нерсенин) (эмнеден жасалгандыгынан) касиетинен көз каранды. Мисвлы: Суунун үстүнкү катмары инфракызыл нурданууга бир канча сантиметрге тунук эмес. λ = 1 мкм. Инфракызыл нур лампанын нурдануусунун ысып кызарганынын көп бөлүгүн түзөт. Газоразряддык лампалар күн нурунун 50%ын түзөт. Аны регистрациялоо үчүн жылыткыч жана фотоэлектриктик приемниктерди, жана атайын даярдалган материалдарды колдонушат. Азыркы мезгилде бардык инфракызыл нурдануунун диапазону 3кө бөлүнөт.

  • Кыска толкундуу аймак - λ = 0,74—2,5 мкм;
  • Орточо толкундуу аймак - λ = 2,5—50 мкм;
  • Узун толкундуу аймак - λ = 50—2000 мкм;

Акыркы убакта узун толкундуу диапазондун чет жагы өз алдынча көз карандысыз электромагниттик толкун диапазонун бөлүп чыгарууда: "терагецтик нурдануу" жана "субмилиметрдик нурдануу".

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8