Иоганн Бернулли

Википедия дан

Иоганн Бернулли (27. 7. 1667-1. 1. 1748) - Якоб Бернуллинин иниси, Гронинген (Голландия, 1695-жылдан) жана Базель (1705-жылдан) университеттеринин профессор, Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү.


Интегралдык жана дифференциалдык эсептөөлөрдү иштеп чыгууда Лейбниц менен кошо иштеген. Бул тармакта бир катар илимий ачылыш жасаган. Дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөрдүн биринчи системалуу баяндамасын берип, кадимки дифференциалдык теңдемелердин чыгарылыш ыкмасын иштеп чыккан. Геод. сызыктар жөнүндөгү классикалык маселелерди чыгаруу менен аны мүнөздөөчү геом. касиеттерин тапкан. Механика боюнча да баалуу изилдөөлөрдү (согуу теориясы, карылыктуу чөйрөдөгү нерсенин кыймылы, чыныгы күч жөнүндө окуу ж. б. ) жүргүзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.