Мазмунга өтүү

Иоганн Готфрид Гердер

Википедия — ачык энциклопедия
Иоганн Готфрид Гердер
Толук аты-жөнүИоганн Готфрид Гердер
Англис тилиндеJohann Gottfried Herder
Төрөлгөн25.8.1744
Моронг, Чыгыш Пруссия
Көз жумган18.12.1803
Веймар, Ыйык Рим империясы

Гердер, Иоганн Готфрид (1744–1803) – немис философ-агартуучу, жазуучу, адабиятчы.

1762–64-жылы Кенигсбергде окуп, Кантты уккан. Канттын акылды сындоо эмгегин четке кагып, ага тааным, билим жөндөмүнүн «физиологиясын» жана акылга караганда тилдин биринчилигин карама-каршы койгон.

Антон Граф. И. Г. Гердердин портрети, 1785.

Мейкиндик жана убакыт жөнүндө түшүнүктү Гердер тажрыйбадан алып чыгарган, материя менен тааным формасынын биримдигин жактаган. Ал ар кыл элдердин рухий маданиятынын өзүнчөлүк касиетин баса көрсөткөн. Коомдун өнүгүшүндө өндүрүш менен илимдин ролу жөнүндө ой болжоо айткан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]