Йокогама
Көрүнүш
(«Иокогама» барагынан багытталды)
Йокогама, Иокохама — Жапониядагы шаар, Хонсю аралында, Токиого жакын жайгашкан. Өлкөнүн алгачкы порту (жылына 120 млн т жүк ташылат). Канагава префектурасынын административдик борбору. Калкы 3,3 млн (1995); калкынын саны боюнча Токиодон кийинки 2-шаар. Метрополитен. Машина куруу (анын ичинде кеме куруу), металлургия, химия, атом, текстиль ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Төрт университет, тарыхый архив (1981) бар. Йокогама 1858-ж. балыкчылар конушу катары пайда болгон. Синтоизм жана христиан храмдары сакталган.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5