Иония философиясы

Википедия дан

Иония философиясы(ионийская философия) – Кичи Азиянын батыш жээгиндеги грек колониясы болуп саналган Иония аймагынан чыккан философтордун окууларынын жыйындысы. Иония Грециянын чыгыш бөлүгүнөн орун алгандыктан, анын маданиятына коңшу Египет мамлекети зор таасир тийгизген. Б. з. ч. 7–6-кылымдарда Иония байыркы грек дүйнөсүнүн жакынкы чыгыш маданияты менен тыгыз байланышкан алдыңкы чөлкөмүнө айланат. Көпчүлүк египеттик фараондор грек аскерлерин өздөрүнө жалдашканы, ал тургай фараон Амазис грек кызына үйлөнгөндүгү белгилүү. Амазистин учурунда Нилдин батыш жээгинде, фараондун резиденциясынан анча алыс эмес жерде Навкратис шаары пайда болгон. Бул шаар бүтүндөй тышкы соода-сатык топтолгон соода борбору катары атагы чыккан нукура грек шаары эле. Байыркы Египет илимдердин, математиканын борбору болгон. Фалес, Пифагор өңдүү көптөгөн грек философтору Египеттен билим алышкан. Бул болсо байыркы грек философиясынын өнүгүшү үчүн зор таасирин тийгизген. Иониялыктардын чет элдик мамилелери Египет менен гана чектелген эмес. Б. з. ч. 7-кылымдын аягында милеттик тиран Фрасибул лидиялык падыша менен союз түзүшүүгө жетишкен. Бул союз узак мезгилдер бою Милетке бейкутчулукту камсыз кылып, Милет шаары көптөгөн понтиялык өлкөлөрдү колониялаштырып алууга үлгүргөн. Гректердин эл аралык мамилелери өнүккөн сайын, соода кемелиринин маршруттары да кеңейген. Натыйжада мурунку мифологиялык түшүнүктөр четке кагылып, илимдин өнүгүшүнө шарттар түзүлгөн. Жер ортолук деңизи б-ча Гибралтарга чейин соода жолу ачылганда, Гомердин фантастикалуу географиясы өзүнөн өзү четке сүрүлүп, анын ордуна жер таануу илими пайда болгон. Көптөгөн элдер менен пикир алышуунун, алардын ар түркүн салт-санаалары, кыял-жоруктары, диний ишенимдери менен таанышуунун натыйжасында бардык диний ишенимдер менен мифологиялык түшүнүктөр шарттуу экендигине көз жеткен да, аларды рационалдуу сындоого жол ачылган. Гректердин географиялык горизонтунун кеңейишине алардын коомдук турмушунун татаалданышы да дал келет. Сооданын, кол өнөрчүлүктүн өнүгүшү, байлыктардын топтолушу калктын соода борборлоруна агып келишине көмөк берген. Соода шаарларынын тез өсүшү коомдук турмуштун эски формаларын талкалап, жаңы социалдык жана саясий терең түшүнүктөрдү пайда кылган. Жаңы коомдук-экономикалык түзүлүштүн пайда болушу философиянын өнүгүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзгөн. Иония философторуна Милет мектебинин өкүлдөрү менен Эфес калаасынан чыккан Гераклитти киргизишет. Аларды жана башка эрте грек философторун “физологдор” (гр. physis – жаратылыш жана logos – окуу) деп аташкан, анткени Сократка чейинки бардык философтордун негизги чыгармасы “Жаратылыш тууралуу” деп аталган. Антикалык дүйнө түшүнүмдүн чегинде «физис» түшүнүгү төмөнкүдөй эки өңүттү өз кучагына камтыган: нерселердин бирдиктүү «башаттан» пайда болушу (келип чыгышы) жана сезим-туюмдар менен изилдеп-үйрөнүүгө мүмкүн болгон нерселердин өзү. Иониялыктар Европадагы эң алгачкы философтор болушкан: алар дүйнөнүн келип чыгышынын антропоморфтук жана мифологиялык түшүндүрмөлөрүнөн баш тартып, болмуштун «башатын» субстанция катары түшүнүүгө аракет кылышкан. Физиологдор дүйнөнүн алгачкы башатын изилдешкен жана андай башат (субстанция) катары жөнөкөй материалдык элементтерди аташкан. Алардын ой толгоолорунда мифологиялык айрым элементтер кездешкени менен рационалдуулукка терең сугарылган. Байыркы грек философиясынын дүйнөнүн алгачкы башаты эмне деген суроосуна Фалес суу, Анаксимандр апейрон (гр. apeiron – чексиздик), Анаксимен аба, Гераклит от деп жооп беришкен.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]