Ирандагы Кеме куруу илими

Википедия дан
Ирандагы Кеме куруу илими

Ирандагы Кеме куруу илими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кеме куруу илими - Кемелер Ирандын түндүк тарабындагы адамдар жана Перс булуңунун тургундары аркылуу сапарларга чыгуу жана жүк ташуу үчүн курулат, алар аркылуу дарыя сапарларын, соода сатык, балык улоо жана берметтерди издөө иштери да аткарылат. Кемелер жыгач менен колго жасалат. Көбүнчө кемелер Хурмузган, Бушахр, Систан, Белучестан жана Хузестан облустарында колго жасалат. Хурмузган, Ганове жана Чобахор аймактарындагы Лофт, Гуран, Пухл, Кенг жана Жасек порттору Ирандагы кемелерди куруунун эң маанилүү жайы болуп эсептелет. Иран кемечилери аталган кемелерди күндүн, айдын жана жылдыздардын ордун эске алуу менен жана аба ырайын, ошондой эле суунун тереңдигин текшерип кароо менен курушат. Кеме куруучулар аны куруп жаканда атайын музыка жана ырлардын коштоосу менен курушат. Жыгач кеме куруунун чыгымы жогору болуп көп убакытты талап кылгандыктан, азыркы учурда кемелерди курууда айнек буласын колдонууну каалашат, ушунун кесепетинен салттуу кеме куруу маданияты жана илими акырындык менен унутулууда. 2011-жылы салттуу Ирандын Перс булуңундагы жыгач кеме куруу жана деңизчилик ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк материалдык эмес мурастар тизмегине катталган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Деңиз парусчулугу, Порттор уюму. «Жыгач кайыктарын куруу ишканалары/ Порттор жана деңизчилик уюму»
  • «Систан жана Белучестан кеме куруу өнөр жайы»
  • UNESCO Culture Sector - Intangible Heritage - 2003 Convention

Архитектура