Ириң

Википедия дан

Ириң - сезгенүү экссудатынын бир түрү.

Ал саргыч күрөң, кээде жашыл, киргил, коюу суюктук түрүндө болот. Ириңде көп сандаган ак денечелер (лейкоциттер), бузулган белоктор, тирүү микробдор, ошондой эле өлүү ткандар менен микробдордун элементтери учурайт Алар Ириңдеги түрдүү ферменттердин таасири менен эрийт. Уу заттар канта өтүп кетпес үчүн, чогулган Ириңди хирургиялык жол менен жарып, алып таштоо зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.