Ирсалиев, Рахатбек Молдобекович

Википедия дан

Рахатбек Ирсалиев - 1964-жылы 12-июлда Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында туулган. 1981-жылы Фрунзедеги политехникалык инститка өтүп, 1986-жылы ушул окуу жайын бүтүрүп, инженер куруучу деген кесипке ээ болгон. ФПИнин жиберген жолдомосу менен 1986-жылы "Чүй өнөржай курулуш" трестинин №264 ПМКсына мастер болуп дайындалат. Ушул убакта тартып, 1989-жылга чейин Казарман алтын кен комбинатынын, Сарыжаз Тоо-кен комбинатынын жана Таш-Көмүр жарым өткөргүчтөр материалдарын чыгаруу заводунун курулуштарына катышты. 1989-жылы Таластагы алтын-кен комбинатынын курулушуна "Талас алтын курулуш" ПМКсына прораб болуп которулган. 1991-жылдан 1994-жылга чейин "Чүй өнөржай курулуш" трестинин №69 ПМКсында прораб болуп иштеген. 1994-жылы ушул мекеменин башчысынын орун басары болуп дайындалган. 1995-жылы АО "Чүй өнөржай курулуш" трестине караштуу 3 УСМге башчы болуп дайындалат. 1996-жылы жоопкерчилиги чектелген "ЮНИС-Курулуш" фирмасын негиздеп, азыркы убакытка чейин ушул мекеменин директору болуп иштеп келе жатат. Эң кыска мөөнөттүн ичинде фирма алдыңкы курулуш технологиясын, материалдарды колдонуу менен көптөгөн майда курулуш обьектилеринен баштап, ири граждандык жана өндүрүштүк маанидеги имараттарды курууга жетишти. Жоопкерчилиги чектелген "Юнис-Курулуш" фирмасы "Чаглар пластик" түрк компаниясынын Кыргызстандагы атайын өкүлү болуп эсептелет, ал эми структуралары болгон Бишкеке шаарындагы жоопкерчилиги чектелген "wintech-Восток" фирмалары темир пластик Терезе, каалгаларды жасап чыгарууда.Рахатбек Ирсалиев үй-бүлөөлүү, жубайы Венера, уулдары Нияз, Сейтек, кызы Нуржамал.

Адбият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз инфо. Р.Ирсалиев. Жердештерим.Б., 2005-ж.