Исабек Ашимов

Википедия дан

Ашимов Исабек (1953-жылы туулган, Баткен облусу, Лейлек району, Карадаван кыштагы) - хирург, медицина илимдеринин доктору (1995) жана философия илимдеринин доктору (2000), профессор (1997), КРнын УИАнын корреспондент мүчөсү (2006). КММИни (1976), ординатураны (1982) бүтүргөн. Лейлек райондук оорукананын бөлүм башчысы, КММИнин ассистенти, доценти. 1998-жылдан УХБунун лаборатория башчысы. Клиникалык жана эксперименттик хирургия, патфизиология, философия боюнча адис. КРнын эмгек сиңирген врачы (1995). 170тен ашык илимий эмгектери, анын ичинен 1 монографиясы, 22 ойлоп табуусу бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1