Исакова Жумагүл

Википедия дан

Исакова Жумагүл (1919-ж. т., Жайыл району, Ийри-Суу айылы) - элдин ырчы-аткаруучу, мектептин 7-классынан баштап элдик ырлардын чебер аткаруучусу катары айылына, районго таанылат.

  • 1937-ж. Кыргыз мамлекеттик Токтогул Сатылганов атындагы филармонияга ырчылыкка кабыл алынат.
  • Залкар шайырлар менен бирге иштешип, өнөрүн өркүндөтөт.
  • 1939-1958-ж. Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүктөрүнө катышат.
  • Ал элдик ырлар «Жүрөгүмдүн сырын ук», «Алыстамын», «Жүрөк сыры» деген жана Атайдын, Мусанын, Жумамүдүндүн, Эгинчиевдин ырларын өзүнчө бир мукамдуулукта, чеберчиликте аткарган.
  • 1966-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык (азыркы Т. Абдумомунов атындагы)

драма театрында иштейт. К. Маликовдун «Бийик жердесинен» Консулдун зайыбынын, Б. Жакиевдин «Атанын тагдырынан» жеңенин ж. б. ролдорун аткарат. Филармониянын, драма театрынын артисттери менен КМШ өлкөлөрүнүн шаарларына гастролдо болгон. «Эмгектеги артыкчылык», Улуу Ата Мекендик согуштун 1941-45-жылдыгынын 40, 50, 70-жылдыктарынын жеңишке арналган медалдары, Хакас, Тува, Алтай автономиялык республикаларынын Ардак грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.