Исаков Бекмурат

Википедия дан

Исаков Бекмурат (1951-ж.т., Ала-Бука району, 1-Май айылы) - билим берүү тармагынын көрүнүктүү ишмери, журналист.

Ош педагогикалык институтун бүткөн (1974). 1974-жылдан КөкТаш, 1975-76-жылдары 1-Май орто мектептеринде, 1977-жылдан В.И.Ленин атындагы мектеп-интернатта мугалим болуп эмгектенип келет. 1997-жылдан “Чаткал оттору”, облустук “Дил” гезиттеринин кабарчысы. Кыргызстан Журналисттер Союзунун мүчөсү (2012), Чаткал районунун мыкты журналисти (2012). Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6