Искендерова, Шарапат Абыловна

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Шарапат Абыловна Искендерова – кыргыздын заманбап филолог жана педагог айымы.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Шарапат Абыловна Искендерова 1973-жылы 9-июнда Кыргызстандагы азыркы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда туулган. Улуту кыргыз.

1995-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган. 1996-1999-жылдары КУИАсынын аспирантура бөлүмүндө окуган.

2005-жылы "Молдо Кылычтын чыгармачылыгы жана иликтөө тарыхы" деген темада кыргыз адабияты боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон жана ушул 2005-жылдан баштап И.Арабаев атындагы КМУда эмгектенет.

Сыйлыктары: И.Арабаев атындагы КМУнун ардак грамотасы менен бир нече жолу, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ардак грамотасы менен, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы менен жана "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси менен сыйланган.

Ушул тапта , Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин журналистика кафедрасын жетектеп, доценттик кызматта эмгектенип келет.

Кыргыз (мыкты), орус (мыкты), англис (баарлашуу деңгээлинде) тилдерин билет.

Жазгыч акындар тууралуу эмгегинен[оңдоо | булагын оңдоо]

Жазгыч акындардын табиятындагы мүнөздүү көрүнүш - чыгармаларындагы реалдуулукка багыт алуу. Алардын алгачкы өкүлдөрүнөн болгон Молдо Кылычтын «Зар заманынан» тартып Алдаш Молдонун «Хал заман», «Шайлоо» ырларын, Токтораалы Талканбаевдин «Кожо Молдо», Ысак Шайбековдун «Кайран эл» ырларын айтпай кетүүгө болбойт. Алдаш Молдо (Алдаш Молдо. Кал заман. / Китепте: Мурас: Ф., 1990, 186-б.) өзүнүн «Хал заманында»:

Падыша залим кутурду,

Букарасын тең көрбөй,

Бузуп журттун мүнөзүн,

Бирине-бирин тукурду.

Таалайы начар өкүмат

Өзүнө казат чуңкурду, - деп, өзүнүн баамдаган нерсесин ачык, өзү каалагандай жазат. Экинчи бир акын Абылкасым Жутакеев «Абдырай болушка карата» (Жутакеев А. Абдырай болушка карата. / Китепте: Мурас: Ф., 1990, 434-б.) ырдаганында:

Богонок менен Кыйраны

Чыгымына түтө албай,

Бечара карып ыйлады.

Түтүнгө он сом төлө деп,

Абдырай болуш кыйнады.

Карыштап алдың кучагын,

Кармап алдың улагын.

Калк ичинде карыптын

Карабадың убалын.

Калың элди какшатты,

Касиетпи буларың, - деп жазат.

Жазгыч акындардагы мындай бетке айтуучулук, тайманбастык - көп кездешүүчү мүнөздүү белгилерден. Бул акындар импровизаторлуктан (Үкүбаева Л. Жазгыч акындардын чыгармачылыгы. Б. 1994, 4-б.) да алыс эмес, - деп жазат Шарапат Искендерова (2009).

Эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Искендерова, Шарапат Абыловна. Молдо Кылычтын чыгырмачылыгы кечээ жана бүгүн. 2006.
  • Жазгыч акындардын табияты http://shookum.kg/2009/13-2009-june/153-zhazgych-akyndardyn-tabijaty.html
  • Кыргыз акындар жана чечендер чыгармачылыгы боюнча 50 дөн ашык илимий жана методикалык эмгектерди жарыялаган.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]