Исмаилов, Сапар

Википедия дан
Исмаилов Сапар

Исмаилов Сапар (1942-ж. т., Жети-Өгүз району, Оргочор айылы) — опера ырчысы. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1992). Кыргыз Республикасынын эл артисти (2022).

1962-ж. Пржевальск айыл чарбатехникумун, 1974-ж. Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун профессор Б. Миңжылкыевдин вокалдык классы боюнча бүткөн.
1973-жылдан А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында солист.
Heгизги аткарган ролдору: Канчоро, Түмөнбай («Айчүрөк», «Манас», В. Власов, В. Фере, А. Малдыбаев), Сапарбай, Тейитбек («Аста секин, колукту», Курманбек», Н. Давлесов), Сулайман, Зултанбек («Аршин мал алан», У. Гажибеков), Токтогул («Токтогул», В. Власов, В. Фере, А. Малдыбаев), Риголетто, Амонасро, Ди Поза («Риголетта», «Аида», «Дон Карлос», Ж. Верди), Томский, Бес, Эбин-Хакиа («Карганын маткеси», «Черевички», «Иоламта», П. И. Чайковский), Дон-Катро («Кармен», Ж. Визе), Карнеро («Цыган барону», И. Штраус) жана башка.
1991-жылдан театрдын башкы администратору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.