Сапар Исмаилов
Сапар Исмаилов
| ||
Негизги маалымат | ||
---|---|---|
Туулган датасы |
24 -ноябрь 1942 (81 жаш) | |
Туулган жери | ||
Өлкө | ||
Кесиптери |
Опера ырчы | |
Сыйлыктары |
|
Сапар Исмаилов — Советтик жана Кыргызстандык опера ырчы. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1992)[1]. Кыргыз Республикасынын эл артисти (2022)[1].
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Исмаилов Сапар Исмаилович 1942-жылы Ыссык-Көл облосуна караштуу Жети Өгуз районунда туулган. 1967-1973 - жылдары Москва шарындагы Гнесиналар атындагы музыкалык Академияны, 1974-жылы Фрунзедеги Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтун аяктаган.
1973-жылдан баштап Академиялык Опера жана балет театрында солист болуп эмгектенип баштаган. Сапар Исмаилов кооз тембрлүү, толук диапазону бар мыкты вокалист, драматикалык баритон. Вокалист катары 75 тен ашуун партияларды аткарган. Алар:
- Канчоро, Бакай, Түмөнбай («Айчүрөк» - В.Власов, А.Малдыбаев, В.Фере);
- Кошой, Бокмурун, Бакай («Манас»);
- Токтогул, Сары уста («Токтогул» - А.Малдыбаев);
- Сапарбай («Аста секин, колукту» - Н.Давлесов);
- Тейитбек, Дөлөн хан, Экез хан («Курманбек» - Н.Давлесов);
- Риголетто, Монтероне («Риголетто» - Дж.Верди);
- Улуу Инквизитор («Дон Карлос» - Дж.Верди);
- Тонио («Паяцы» - Леонковалло);
- Шонар («Богема» - Дж.Пуччини);
- Эбин-Хакиа, Бертран («Иоланта» - П.Чайковский);
- Зупан. Корнеро («Цыганский барон» - И.Штраус);
- Амонасро («Аида» - Дж.Верди);
- Бес («Черевички» - П.И.Чайковский);
- Граф Томский («Пиковая дама» - П.И.Чайковский);
- Эбн-Хакиа («Иоланта» - П.И.Чайковский);
- Тихон («Петр I»);
- Сулайман, Султанбек («Аршин-Малалан» - У.Гаджибеков) ж.б.
Сапар.Исмаилов режиссер катары У.Гаджибековдун «Аршин- Малалан» аттуу опералык спектаклин кайрадан койгон. Бул кыргыз опера жана балет театрынын эң, мыкты спектаклдердин бири болуп калды.
Ошондой эле, режиссердун ассистенти катары балдар үчүн жазылган Э.Колмановскийдин «Белоснежка и семь гномов», жана А.Малдыбаевдин «Ажал ордуна», Доргомыжскийдин «Русалка» аттуу спектаклдерин сахнага чыгарып, уюштуруучулук жана чыгармачылык жөндөмүн корсөтө алган.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Кыдырбек Чодронов менен бирге концерттик бригаданы жетектеп, музыкалык искусствосун пропагандалоо менен Кыргызстандын бүтүн аймагын жана Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия өңдүү өлкөлөрдүн шаарларын кыдырып, концерт берген. Ошондой эле Опера жана балет театрынынан: Москва, Ленинград, Барнаул, Свердлов, Горький, Киев, Рига, Алма-Ата, Ташкент, Душанбе, Ашхабад, Баку ж.б. шаарларында болгон гастролдоруна катышкан.
Сапар Исмаиловдун театр искусствосуна сиңирген эмгеги жогору бааланып, 1987-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин жана Маданият министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
1992-жылы «Кыргыз Республикасынын «Эмгек синирген артисти» наамын алган. 2002-жылы Бишкек шаардык Мэриясынан Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын маданият жана билим берүү министрлигинин отличниги.
2022 жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алган.
Сапар Исмаилов 1976-жылдан баштап Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын алдындагы эстрада-фольклордук жана элдик бий студиясында мугалим болуп иштеп, көптөгөн мыкты ырчыларды тарбиялап чыгарган, алардын ичинде: Тамара Исабекова, Султан Каримов, Айчүрөк Иманалиева, Токтобүбү Черикчиева, Аскат Мусабеков, Аалы Туткучев, Нурзат Садыкова, Ширин Абдрахманова, Жайнагул Тулелиева, Светлана Болгоналиева, Сулай Абдыкеримов жана башкалар. Бүгүнкү күндө 2002-жылдан тартып ушул студиянын жетекчиси болуп эмгектенүүдө.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 Сапар Исмаилов. Мамсыйлыктар. Текшерилген күнү 19 -август (баш оона) 2024.