Исмаилов Амантур Туратбекович

Википедия дан
Исмаилов Амантур Туратбекович
Жынысы

эркек

Жарандыгы

 Кыргызстан

Чеберчилиги

Грек-рим күрөшү

Төрөлгөн датасы

29 -декабрь 1997(1997-12-29) (26 жаш)

Төрөлгөн жери

Жалал-Абад облусу, Кыргызстан

машыктыруучу

Дастан Мухтаров
Чынгыз Пиримкулов

Бою

168 см

Салмагы

67 кг

Спорттук чини

грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери жана эл аралык даражадагы спорт чебери

Amantur Ismailov

Исмаилов Амантур Туратбекович (29-декабрь, 1997-жылы[1]) — кыргызстандык спортчу, грек-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери. Дүйнө чемпионатынын (2022), Азия чемпионатынын (2021) жана Азия оюндарынын (2018) коло медалдарын тагынган. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси[1].

Кыскача өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1997-жылы 27-декабрда Жалал-Абад шаарында төрөлгөн. 2004-жылы Далал-Абад шаарындагы №18 мектепке кирген. Күрөш менен 5-класстан баштап машыга баштаган. Аны күрөшкө бир тууган агасы ээрчитип барган. Кийин 7-классты аяктаганда Бишке шаарында жайгашкан Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайга тапшырган. Аталган окуу жайда спорт менен машыгууга шарт түзүлгөнү балбандын чоң спортто кадам таштоого себепчи болгон. 2015-жылы аталган окуу жайды аяктап, бир жылдпн кийин Бишкектеги Дене тарбия жана спорт Академиясына машыктыруучу адистигине тапшырган. “Спорттогу жетишкендиктериме атам Туратбек шык берген”,- дейт Амантур. Бирок атасы Амантур 11-класста окуган кезинде каза болуп, уулунун чоң спорттогу жетишкендиктерине күбө боло албай калган экен. Апасы Мээрим учурда Жалал-Абад шаарында жашап, суу адистиги боюнча эмгектенет. Амантур Исмаилов төрт бир тууган. Агасы Артур жана инилери Марлен жана Эрлан. Алгачкы машыктырууусу машыктуруучум Чыңгыз Пиримкулов, учурдагы машыктыруучусу Дастан Мухтаров. 2017-жылы грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Кыргызстандын чемпионатына 66 килограмм салмакта күрөшүп, 2-орунду ээлеген. 2018-жылдан тартып 67 килограмм салмакта күрөшүп келе жатат.

Карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2017-жыл. Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Кыргызстандын чемпионатында 2-орун.

2018-жыл. Грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында Кыргызстандын чемпиону.

2018-жыл. 2018-жылы Индонезияда болгон Азия оюндарында коло байгенин ээси.

2019-жыл. Грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионатында 2-орунду ээлеген.

2019-жыл. Грек-рим күрөшү боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында коло байге. Монголия, Улан Батор шаары.

2019-жыл. Эл аралык Балавадзе жана Картозия турниринин күмүш байгеси. Грузия, Тбилиси шаары.

2021-ж. Грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионатында 2-орун.

2021-ж. Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси. Казакстан, Алмата шаары.

2021-ж. Киев шаарында өткөн эл аралык турнирде 3-орун.

2021-жыл. V 5 Ислам шериктештик оюндарынын күмүш байгесинин ээси. Түркия, Конья шаары.

2022-жыл. Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (67 кг). Сербия, Белград шаары. Ал алгач 1/16 финалда венгриялык балбанды 7:9 эсебинде жеңген. Ал эми 1/8 финалда ирандык спортчуга жеңилип, кийин көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Бирок атаандашы чыкпай калып, коло байге үчүн беттешкен. Чечүүчү 3-орун үчүн кармашта Амантур Исмаилов грузиялык атаандашы Жони Хецурианиге утулуп бара жатып, кайра ири эсеп менен (17:8) жеңип, коло байгенин ээси болду.

Жетишкендиктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жыл Турнир Өткөргөн шаар / өлкө Жыйынтыгы Спорттун багыты
2018 Азия оюндары Жакарта, Индонезия 3 Грек-рим 67 кг
2021 Азия чемпиондугу Алма-Ата, Казакстан 3 Грек-рим 67 кг
2022 Ислам шериктештиги оюндары Конья, Түркия 2 Грек-рим 67 кг
2022 Дүйнө чемпиондугу Белград, Сербия 3 Грек-рим 67 кг

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 Wrestling Results Book. Текшерилген күнү 15 -январь (үчтүн айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2020.