Исмаилов Мамат

Википедия дан

Исмаилов Мамат — 1924-жылы Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу айылында төрөлгөн. 1959-жылы Кызыл-Кыя шаарындагы №2 орто мектепти бүтүргөн өзүнүн эмгек жолун 1940-жылы Ноокат районуна караштуу Жал айылындык кеңешинин “ Большевик” колхозунда азыркы “ Баглан” айылында эсепчи, кийинчерээк колхоздун катчысы болуп иштеген. 1943-жылы Кызылкыядагы “Джаль” шахтасында горный мастердин милдетин аткарган. 1945-жылдан 1952-жылга чейин Кызыл-Кыя шаарынын НКГБсында кызматчы болуп иштеген. 1953-жылдан ИИБүндө начальник паспорт стол, оперативдик кызматкер, БХСС, Соолуктуруучу жайдын начальниги кызмат орундарында үзүрлүү эмгектенип келген. 1986-жылдан тартып ардактуу пенсионер. Азыркы күндө Кызыл-Кыя шаарында ИИБүндө ардактуу наасатчы. Исмаилов Мамат эл арасында кадыр барктуу аксакал өзүнүн көрөгөч кеп-кеңештерин жаштарга талыкпай айтып келе жатат. Мисал катары айта турган болсок, №7 орто мектепте узак жылдар бою партиялык жана элге билим берүү жаатында үзүрлүү эмгек кылган Иметов Темир агайдын атыны ушул мектепке ыйгарууга жасаган эмгеги зор болго. Өзүнүн келечектеги көрө билген насаатчы катары өзүнүн айылындагы эски корпустар приватташтырлып сатууга коюлуп жатканда, бул корпустар дале болсо элге кызмат кылат деген сунуштарын элге салып, көпчүлүктү уюштуруп шаардын мэри менен тыгыз байланышта болуп ашар жолу менен кайра куруунун негизинде толук эмес орто мектепти негиздөөдө өзүнүн уюштуруучулук салымдарын кошуп келген. Бүгүнкү күндө №14 толук эмес орто мектеп жакшынакай, талапка ылайык жаш өспүрүмдөрдү тарбиялап билим берүүдө. Айта берсе мындай мисалдар көп. Кара-Козудагы айылдык мечитти кууруда каарыдым –аарыдым дебестен жакындан көмөк көрсөтүп келди, мечитте азыркы күндө Кара-Козу элине үзүрлүү пайдаланышып жатышат.

2000-жылы мусунманчылыктын бир парзы болгон ажылык милдетине кутулуу максатта ажыга барып келген, учурда каадырман каарылыктын доорун сүрүп айыл ичинде аброю бийик жаштарга насаатын айтып, ар бир инсандын ыймандуулукка, аруулукка, тазалыкка үндөп жүргөн убагы.