Исмаилов Төлөсүн

Википедия дан

Исмаилов Төлөсүн (1926, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Кара-Талаа айылы – 1984, ошол эле жер) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1958), Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмгек сиңирген устат (1958). Эмгек жолун Ысык-Көл областынын Тоң районундагы «Улакол» совхозунда малчы болуп иштөөдөн баштаган; 1943–62-ж. баш чабан, 1962-жылдан ушул эле совхоздо ферма зоотехниги болуп иштеген. 1957-ж. ар койдон 6,8 кгдан жүн кыркып, ар 100 тубар койдон 125тен козу алган. 1958–66-ж. СССР Жогорку Советинин депутаты[1][2]. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Список депутатов Верховного Совета СССР V созыва
  2. Список депутатов Верховного Совета СССР VI созыва