Исраилова Бурак
Көрүнүш
Исраилова Бурак 1939-жылы 9-майда Сузак районунун Кедей-Арык айылында туулган.
- 1957-жылы У. Абдукаимов атындагы орто мектепти,
- 1960-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын аяктап, эмгек жолун Kapa-Алма орто мектебинде мугалим болуп иштеп баштаган.
- Балдарга тарбия берүүдө көрсөткөн эмгеги, уюштуруучулук жөндөмү жогору бааланып,
- 1967-жылы ЦК ВЛКСМдан алдыңкы вожатый, отличник наамдары менен сыйланган.
- 1971-жылы Октябрь айылдык кеңешине депутат болуп шайланып, кеңеш төрагасынын орун басары болуп эмгектенет.
- Ошол эле жылы Октябрь айылдык кеңешине төрайым болуп шайланат.
- 20 жыл 1991-жылга чейин айылдык кеңештин төрайымы болуп эгектенген.
- 25 жыл айыл кеңешинин депутаты болгон.
- Ардактуу атуул” наамынын ээси.
- 4 уул 3 кыздын энеси.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3