Исраил Ибрагимов

Википедия дан
Исраил Момунович Ибрагимов
Туулган датасы:

24 -декабрь 1943(1943-12-24) (80 жаш)

Туулган жери:

Ысык-Көл району, Ананьево (Байсору) айылы

Исраил Момунович Ибрагимов - уйгур улутундагы орус тилинде жазган жазуучу[1].

Ал 1933-жылы[2] Ысык-Көл районундагы Ананьево (Байсору) айылында туулган.

1952-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап, Москвадагы Чыгыш таануу (мурдагы Лазеревский) институтунун кытай бөлүмүнө өткөн, кийин бул институт күтүүсүздөн жабылып кал-гандыктан, 1953-жылы өз эрки менен Москвадагы С.Орджоникидзе атындагы геологдук-изилдөө институтуна, эки жылдан кийин Фрунзедеги политехникалык институттун тоо-геология факультетине которулуп аны 1959-жылы бүтүргөн.

1976-ж. Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын геологиялык институтунда ар кандай илимий кызматтарда иштеп, 1967-жылы кандидаттык диссертациясын жактап, 1976–1993-жж. КМУУнун физикалык география кафедрасынын доценти, 1993-жылдан «Теңир Too» аттуу уйгур маданият аракеттенүү фондусунун уюштуруучусу жана башчысы катары коомдук иштерде, 1994-жылдан азыркы күнгө чейин КМУУ-нун эл аралык уюштуруу программасынын интеграция институтунун Уйгур филология факультетинин деканы.

50дөн ашык илимий жана илимий-усулдук макалалардын, 2-монографиянын (авторлош) автору. Өмүрүнүн көп бөлүгүн кино тармагындагы чыгармачылыгы жана адабияттагы ишмердүүлүгү камтыйт.

1989-жылдан Жазуучулар, Кинематографистер союздарына мүчө, Элге билим берүүнүн отличниги, профессор. Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы, КУУнун 50 жылдыгына арналган медаль менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Вкус дикой смородины: Роман. – Москва: Советский писатель, 1979. – 253 с.
  • Цыпленок и самолет: Роман. – Б.: Достук, 1994. – 127 с.
  • Колыбель в клюве аиста: Роман. – Б.: Турар, 2001. – 392 с.
  • Созвездие мельниц. – Б.: Кыргызстан, 1987. – 252 с.
  • Узгенский каменноугольный бассейн (в соавторстве с Ф.Т.Кашириным). – Б.: Илим, 1974.
  • Цветные камни Киргизии (в соавторстве с Михайлевым В. и Малышевым В.Ф.). – Ф.: Кыргызстан, 1982.
  • Тамерлан. Начало пути:Роман. – Б.: Наука-образов, 2003. – 108 с.
  • Исполнение мечты: Повесть. – Б.:Турар, 2004. – 123 с.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. http://www.literatura.kg/articles/?aid=1849
  2. https://nagrada.srs.kg/Site/Awarded/6635