Историзм
Историзм (лат. historia – тарых; өткөндөр тууралуу баян) – объективдүү дүйнөдөгү кубулуштардын пайда болушун, өнүгүшүн конкреттүү тарыхый шарттар менен байланышта изилдөө принциби. И. – диалектикалык методдун ажырагыс бөлүгү. Марксизмге чейинки философияда ал идеализмдин, механицизмдин негизинде түшүндүрүлгөн. Марксчыл философтор аны биринчи жолу илимий жактан ырааттуу иштеп чыгышкан. И. бардык кубулуштарды өз ара ички аракетте, байланышта карайт. Түшүнүү зарыл болсо, кандайдыр бир кубулушту курчап турган конкреттүү тарыхый шарты менен кошо изилдөө талап кылынат, себеби дүйнөдө бири-бири менен байланышсыз обочолонуп турган эч нерсе жок. И. дүйнөдөгү бардык кубулуштарды тарыхый өнүгүүнүн натыйжасы катары карап, алардын кантип пайда болгонун жана өзгөргөнүн, азыркы жана келечектеги абалын аныктоо зарылчылыгын белгилейт. И. тарыхты конкреттүү изилдебей, өткөндүн фактыларын ошол кездеги шарттарга байланышсыз караганга, чындыкты бурмалап, жансыз схемаларды сунуш кылганга каршы чыгат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8