Исхакийа тарикаты

Википедия дан

Исхакийа тарикаты, Ысхакиййа тарикаты – Ортоазиялык суфийлердин накшбандия-хожаган жамаатынын бир бутагы; 17–18-кылымдарда Чыгыш Түркстанда диний-теократиялык бийликти орнотууга катышкан саясий топ. Накшбандия-хожаган ордени 15-кылымда эле пайда болуп, 17-кылымдан өзүнүн ишмердигин Чыгыш Түркстанга жайылта баштаган. 17-кылымдын башында ойроттор менен катар накшбандия жамааты Яркендеги хандык бийлик үчүн болгон жергиликтүү башкаруучулардын ички иштерине кийлигише баштаган. Жамааттын ири өкүлдөрүнүн бири Исхак Вали уулу Кожо Шади (Мухаммед Яхья) өлкөнүн башкаруучусу Махмуд ханды бийликтен кулатууга да кириптер болгон жана аймактагы өз таасирин бекемдеген. 17-кылымдын 2-жарымында алар могол хандарынан бийликти тартып алган. Бирок бийликти ээлеп алган накшбандия жамаатынын өкүлдөрүнүн ортосунда кайрадан ич ара бийлик талашкан өтө курч мүнөздөгү карама-каршылыктар келип чыккан. Натыйжада, Махдум-и Азамдын балдарынын улуусу Мухаммед Амин, кожо Ишани Калам деген ысым менен «актоолук» деп аталган кожолордун кыймылын, анын бир тууганы Махмуд-и Азамдын төртүнчү уулу Мухаммед Исхак Вали (1613-ж. өлгөн) «каратоолук» деп аталган кожолордун кыймылын уюштурушкан. Исхакийа тарикатынын өкүлү Аппак кожо Чыгыш Түркстандагы бийликти алууга жетишкен. Каратоолуктарды жактаган Кашкарды башкаруучу Исмаил хан, Аппак кожону бийликтен кетүүгө мажбур кылган. Бирок Тибеттин Далай Ламасынын кийлигишүүсү менен Жуңгар ханы Галдан Бошокту Аппакты 1678-ж. Чыгыш Түркстандагы өзүнүн наместнигине дайындаган. Аппак өлгөндөн кийин кайрадан бийлик талашуу башталып, 1720-ж. гана Цеван Рабдан каратоолуктардын өкүлү Даниель кожону 6 шаар чөлкөмүн калмактардын атынан башкарууга берген. Чыгыш Түркстандан Цин империясы басып алганга чейин, бийликте каратоолуктар турган. 1755-ж. Бурхан ад-Дин башында турган актоолук кожолор Циндердин көмөгү менен бийликке келген. Бурхан ад-Дин кыргыздардын башчысы Кубат бийдин колдоосу аркылуу каратоолуктарды бийликтен биротоло чектеткен. Көп узабай 1759-ж. Цин империясы Чыгыш Түркстанды басып алган жана аларга каршы актоолук кожолордун көтөрүлүшү башталган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.