Италия-эфиопия согуштары

Википедия дан

Италия-эфиопия согуштары - Эфиопияга каршы Италиянын баскынчы уруштары.

  • 1895 - 1896-жылдардагы согуш 1895-жылдын аягында генерал Баратьеринин командалыгы менен италян аскерлери Тигр провинциясын басып кирүүдөн башталган. Колониячыларга сокку уруу үчүн император Менелик II 120 миң аскер топтойт.
  • 1895-ж. 7-декабрда Амба-Алагинин жанындагы согушта Маконнен башчылык кылган Эфиопия аскерлери италиялык бөлүктөргө биринчи жолу катуу сокку урат.
  • 1896-ж. 1-мартта Адува шаарынын жанындагы салгылашта италиялык 20 миң аскер талкаланат.
  • 1896-ж. 26- октябрда Аддис-Абебада кол коюлган договор боюнча Италия Эфиопиянын толук өз алдынчалыгын таанууга аргасыз болот.
  • 1935 - 1936-жылдардагы согуш. Италия 30-жылдардын башында өзүнүн Эритрея жана Италиялык Сомали колонияларында ири аскер топтойт.
  • 1935-ж. 3-октябрда жакшы куралданган италиялык аскерлер маршал Бадольонун жетекчилиги менен Эфиопия аймагына басып кетти кирет. Эфиоп армиясы аларга каршы баатырларча салгылашат, бирок чегинөөгө аргасыз болот. Батыш державалар Италияны колдоп, курал-жарак, сырьё менен жабдыйт.
  • 1936-ж. 5- майда италиялык аскерлер Аддис- Абебаны басып алат.
  • 1936-ж. 1-июнда Италия өкмөтү составына Эфиопия, Эритерия жана Италиялык Сомали кирген Чыгыш Африка колониясын түзүү жөнүндө билдирет. Бирок Эфиопияда 1941-жылдын май айына чейин, б. а. өлкө бошотулганча партизандык согуш улантыла берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.