Италия согуштары (1494-1559)

Википедия дан

Италия согуштары (1494-1559) - Италияны басып алуу, ошондой эле Европада үстөмдүк кылуу үчүн Франциянын, Испаниянын, Ыйык Рим империясынын ортосунда болгон согуштар.

  • Согуш көбүнчө Италия жеринде болгон. Франциянын королу Карл VIII 1494-ж. Неаполго казат жасап, аны багынтат (1495). Францияга каршы Венеция, Милан, Рим папасы 1495-ж. «Ыйык лиганы» (же «Венеция лигасы») түзүп, француздардан Неаполь королдугун бошотот. Бирок Италиядагы ич ара согуштар токтобойт. Франциянын королу Людовик XII Италияга кайра аттанып, 1499-1500-ж. Милан герцогдугун, Ломбардияны багындырат.
  • 1501-02-ж. Неаполь королдугун басып алышкан Франция менен Испаниянын ортосунда 1503-ж. согуш чыгып, аны Испания тартып алат.

Бул согуштардан кийин Венеция мамлекетинин күчтөнүшүнө каршы Камбрей лигасы түзүлүп (1508), Франция 1509-ж. Венецияга согуш ачат.

  • 1512-ж. француздар Ломбардиядан кетишет. Бирок 1515-жылдагы согуштан кийин Франция Милан менен Павияны, Венеция Бергамону, Брешти алат.
  • Нуайон тынчтык келишими (1516) боюнча Францияга Милан, Испанияга Неаполь берилет. 1519-ж. испан королу Карл I «Ыйык Рим империясынын» императорлугуна шайланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.