Итан Хоук

Википедия дан
Ethan Hawke (2007)

Итан Грин Хоук (англ. Ethan Hawke; 1970-жылы, 6-ноябрда туулган) - америкалык актер, жазуучу, романист жана режиссер. Ал төрт жолу "Оскар" сыйлыгына жана бир жолу "Тони" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Хоук эки тасма тарткан жана үч Бродвей спектаклдерин жетектеген жана бир документалдуу тасма тарткан. Ошондой эле "Эң ысык штат" (анг. The Hottest State,1996), "Шейшемби күлү" (анг. Ash Wednesday, 2002) жана "Рыцардын эрежелери" (анг. Rules for a Knight, 2015) романдарын жазган.

Ал 1985-жылы "Изилдөөчүлөр" (анг. Explorers) аттуу илимий-фантастикалуу тасмада дебюттук түрдө тартылган жана 1989-жылы "Каза болгон поэттердин коомчулугу" (анг. Dead Poets Society) драмасында тартылуу менен чоң ийгилик жараткан. Андан соң Хоук 1994-жылы Generation X телеканалындагы "Ачуу чындык" (анг. Reality Bites) тасмасында тартылган жана тасмадагы ролу үчүн алкышка ээ болгон. 1995-жылы ал биринчи жолу Ричард Линклатердин "Күн чыкканга чейин" (анг. Before Sunrise), "Күн батканга чейин" (анг. Before Sunset, 2004) жана " Түнгө чейин" (анг. Before Midnight, 2013) үчилтиктүү романтикалуу тасмаларында Жули Делфи менен биргеликте тартылган жана ал тасмалардын баарың жакшы сын-пикирлерге ээ болгон.

Хоук "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты адаптацияланган сценарий" жана "Экинчи пландагы эң мыкты актер" наамдарына көрсөтүлгөн. Анын "Күн батканга чейин" (анг. Before Sunset ) жана "Түнгө чейин" (анг. Before Midnight) тасмаларына жазган сценарийлери жана "Машыгуу күнү" (анг. Training Day, 2001) жана "Бала чак" (анг. Boyhood, 2014) тасмаларындагы ролдору чоң мактоого арзыган. Хоук эки тасмадагы ролу үчүн тең "SAG" жана "BAFTA" сыйлыктарына жана бирөөсү үчүн "Алтын Глобус" сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Анын катышуусундагы башка тасмалар: "Гаттака" (анг. Gattaca, 1997), "Гамлет" (анг. Hamlet, 2000), "13 аймакка кол салуу" (анг. Assault on Precinct 13, 2005), "Шайтан сенин өлгөнүңдү билгенге чейин" (анг. Before the Devil Knows You're Dead , 2007), "Синистер" (анг. Sinister, 2012).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]