Итибаев Зарылбек

Википедия дан

Итибаев Зарылбек 1963-жылы 20-апрелде Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1980-жылы A. С. Макаренко атындагы орто мектебин,
  • 1989-жылы Фрунзе Политехникалык Университетинин механика факультетин,
  • 1996-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин юридика факультетин,
  • 2003-жылы Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин биология факультетин аяктаган.
  • Эмгек жолун 1989-жылы Жалал- Абад шаардык оорукана автопаркынын механик- жетекчиси болуп иштеп баштаган.
  • 1992-1994-жылдары «Кыргыз айыл курулуш» концерн «Абил» башкы механик,
  • 1994-1998-жылдары Жалал-Абад Ички Иштер Башкармалыгынын штабында ага инспектор,
  • 1998-2000-жылдары Жогорку Кеңеш депутатынын жардамчысы, ага консультант,
  • 2000-2002-жылдары Жалал-Абад Экологиялык күзөттөрүнүн ага инспектору,
  • 2002-2003-жылдары Жалал-Абад табият, өсүмдүктөр жана жандыктар коргоо башкармалыгынын башчысы,
  • 2003-2004-жылдары Премьер- министр аппарат жетекчисинин жардамчысы,
  • 2004-2005-жылдары Жалал-Абад областтык токой чарба кызматынын жетекчиси,
  • 2008-2009-жылдары ӨКМнин Жалал-Абад областтык Башкармалыгынын башчысы,
  • 2009-жылдан бери ӨКМнин Гидрометеорология агенттигинин директору болуп эмгектенет.
  • Бир нече медалдар, ардак грамоталар, төш белгилер менен сыйланган.
  • Сузак районунун «Ардактуу атуул» наамынын ээси.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3