Итикулов Нурмамат

Википедия дан

Итикулов Нурмамат 1926-жылы Сузак районунун Сары-Булак айылында туулган.

Мектепти аяктагандан кийин 1947-жьшы Жалал-Абад шаарындагы Зооветеринардык техникумга тапшырып 1950-жылы ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун “Ленин жолу” колхозунда ветеринар болуп иштеп баштаган. 1963- жылы “Дружба” совхозу уюшулгандан баштап совхоздун мал чарба бөлүмүндө ветеринар андан кийин зоотехник болуп эмгектенген. Көп жыл өз кесиби менен үзгүлтүксүз, үзүрлүү эмгектенип, өз кесибин жакшы билген адам катары элдин кадыр баркына ээ болгон. Азыркы учурда уулу Итикулов Алмаз ата кесибин аркалап, мыкты зоотехник катары элге таанылып эмгектенип келе жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3