Ит-Агар тоосу

Википедия дан

Ит-Агар тоосуТалас Ала-Тоосунун түштүк тармагы. Ит-Агар, Арым, Чоң Чычкан сууларынын (Нарындын оң куймалары) аралыгында батыштан түштүк-чыгышка 28–30 кмге созулуп жатат. Туурасы 7–9 км. Орточо бийиктиги 3400–3600 м, эң бийик жери 4086 м. Кыры асказоокалуу жана мөңгүлүү, түштүк-чыгышты карай жапыстайт. Капталдары тик (40–50°), тар капчыгайлуу, кокту-колоттуу. Негизинен төмөнкү палеозойдун порфириттүү гранит, гранит-диорит интрузия жана метаморфизмделген тектеринен түзүлгөн.

Шалбаалуу талаа жана шалбаабадалдуу талаа (2800–2900 мге чейин), субальп жана альп шалбаалуу талаа, сейрек бетегелүү талаа (3300–3400 м бийикке чейин), андан жогору кар-мөңгүлүү ландшафттар мүнөздүү. Жайкы жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]