Ит-Ичпестин Ала-Көл

Википедия дан

Ит-Ичпестин Ала-Көлтопоним. "Манас" эпосунда бирде: “Уркун, Эртиш эки суу Калмактын жайы мына бу, Ит ичпестин көлү бар” (Сагымбай Орозбаков, 3. 260),— деп айтылса, экинчи бир учурда Ала-Көл делет. Мисалы бала чакта ойноп кетип, атасы Жакып аны Үч-Арал жолунан издеп “Алыскы жолго салганбы, Шумурай, Ала-Көл кетип калганбы?” (Сагымбай Орозбаков, 1. 216—217),— деп айтылса, Радлов жазып алган вариантта Ит-Ичпестин Ала-Көл деген толук формасында “Баатыр Манас тентеги Ит-Ичпестин Ала-Көл Ит агытып, куш салган” (Радлов жазып алган вариант, 166),— деп кездешет.

“Манастын” кийинки жазылган варианттарында бирде Ала-Көл, бирде Ит-Ичпестин көлү деп берилсе, революцияга чейинки Радлов жазып алган вариант менен Валиханов жазып алган эпизоддо Ит-Ичпестин Ала-Көл деген толук формасы берилет. Валиханов жазып алган эпизоддо төмөнкүдөй айтылат:

Андан ары чыккамын

Ит-Ичпестин Ала-Көл

Суу түбүнө түшкөмүн

Кырк кулактуу мыс кармап

Алып чыгып бергемин (Валиханов жазып алган эпизод, Кол жазмалар фондусу, 5187инв 64-б.). Ала-Көл аттуу көл “Мажму ат-таварихте” Жолой менен Манас урушкан эпизоддо эскерилип кетет (“Мажму ат-таварих”, В. Ромодиндин котормосу. Кол жазмалар фондусу, 5154-инв., 68-б.). “Манастан” тышкары кыргыз эпикалык чыгармаларында Ит-Ичпестин Ала-Көл, аттуу көл Жаныш-Байыш, “Эр-Төштүк”, “Жоодарбешим” эпосторунда да кездешет.

Географиялык реалияда Ит-Ичпестин Ала-Көл Казакстандын чыгышындагы көл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]