Ит көйнөк

Википедия дан

Ит көйнөк – жаңы төрөлгөн наристеге биринчи ирет кийилүүчү кийим. Ит көйнөк улгайган адамдардын кийими тигилген кездемеден же жыртыла элек эски көйнөктөн тигилген. Көбүнчө ак түстө болгон. Ит көйнөк деп аталган себеби, аны адегенде ырымдап итке тийгизип, анан балага кийгизген. Мындай аракет баланын ден соолугун бекем кылат деген ишенимге байланыштуу.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.