Ихэтуань көтөрүлүшү
Ихэтуань көтөрүлүшү – Чыгыш, Түндүк жана Түндүк-Чыгыш Кытайдагы дыйкандар менен шаар кембагалдарынын чет өлкөлүк зомбулукка каршы 1899–1901-жылдардагы көтөрүлүшү. Жашыруун Ихецюань диний коомунун демилгеси менен чыгып, кийин анын отряддары ихэтуандар (адилеттик жана ынтымак отряддары – көтөрүлүштүн аты ушундан) деп аталган. Көтөрүлүш чет өлкөлүк экспансияга бөтөнчө дуушарланган Шаньдун провинциясында башталып, 1900-ж. борбордук Чжили провинциясына тараган. Цин өкмөтүнүн кээ бир мүчөлөрү ихэтуандардын аркасы менен Кытайды чет өлкөлүк мамлекеттерден бошотууга аракеттенип, ихэтуандардын лидерлери менен (Ли Лайчжун, Чжан Дэчэн ж. б.) бириккен. Ихэтуандар чынында кыйла жерде бийликти көзөмөлдөп, Шаньси, Манжурияны алган соң, өкмөт аскерлеринин колдоосу менен 13–14-июнда Пекинге кирген да, элчилер кварталын 56 күн камап турган. Ошол кезде Германия элчиси К. фон Кеттелер өлтүрүлгөн. 1900-ж. 17-июнда Улуу Британия, Германия, АКШ, Орусия ж. б. мамлекеттер Кытайга интервенция жасап, алардын аскерлери Таку (Дагу) портун ээлеген. Ихетуандар менен бириккен Цин өкмөтү 21-июнда Жапония, Орусия, Улуу Британия, Франция, АКШ, Германия, Италия жана Австрия-Венгрия мамлекеттерине согуш жарыялаган. Россия, Улуу Британия, Франция, АКШ жана Япония мамлекеттеринин аскери (54 миң адам) 1900-ж. 14-июлда Тяньцзинди алып, андан көп узабай Пекинге аттанган жана 14-августта аны алып, баш командачысы немис фельдмаршалы Вальдерзенин келиши менен кыймылдын очокторуна жана тынч жаткан калкка жазалоочу отряддар жиберилген. Цин өкмөтүнүн өкүлдөрү Сианга качкан. Көтөрүлүш негизинен 1901-ж. басылгандан кийин (ал айрым жерлерде 1902-ж. да уланган), чет өлкө мамлекеттери Кытайга басмырлаган «Жыйынтык протоколун» таңуулап, 1939-ж. чейин Кытай аларга 1 млрд лян төлөп бермек болгон. Ихэтуань көтөрүлүшү империалисттердин Кытайга басып киришине каршы кытай дыйкандары менен шаар кембагалдарынын чаржайыт күрөшүнүн маанилүү этабы болгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5