Ички конверсия

Википедия дан

Ички конверсия (гамма нуру) - дүүлүккөн атом ядросу аз энергиялуу абалга өткөндө, бөлүнүп чыккан энергия ү-квант түрүндө таралбастан, ошол эле атомдун электрондорунун бирине берилиш кубулушу.

Бул учурда атомдон ү-кванттын ордуна конверсиялык электрондор бөлүнүп чыгат. Электрондор атомдун ар кандай {К, L, М ж. б.) оболочкаларынан бөлүнүп чыгышы мүмкүн. Электрондордун энергиясы конверсияланган ядролук өтүштөгү энергия менен электрон бөлүнүп чыккан оболочканын байланыш энергиясынын айырмасына барабар

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.