Ич алма дарылар

Википедия дан

Ич алма дарылар - заңды суюлтуп, ичегини андан тез бошотуучу дары заттар.

Алар ичегинин былжыр челиндеги рецепторлорго таасир тийгизип, анын жыйрылышын жана секредиясын күчөтөт. Алар туздуу, өсүмдүк майы жана ичти алуучу антрагликозиддүү өсүмдүктөр болуп бөлүнөт.

Туздууларына глаубер тузу, магний сульфаты, өсүмдүк майына кастор майы, ичти алуучу өсүмдүктөргө ышкын, крушина, александр жалбырагы, сабур кирет.

Ич алма дарылар көбүнчө жоон ичегинин иши начарлаганда, ошондой эле ичегиден уу заттарды жана керексиз продуктуларды чыгаруу үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.