Ишенбай Абдуразаков
Ишенбай Абдуразаков — Кыргызстандын көрүнүктүү дипломаты жана коомдук ишмери.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ишенбай Абдуразаков 1937-жылдын 12-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында туулган. 1959-жылы Москва мамлекеттик экономикалык институтун бүтүргөн.
Эмгек жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1959–1962-жж. — Кыргыз ССР Мамлекеттик пландоо комитетинде (Госплан) ага инженер;
- 1962–1965-жж. — Кыргыз ССР Илимдер академиясынын системасында;
- 1965-ж. — Кыргыз ССР Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинде илим жана жогорку окуу жайлар бөлүмүндө инструктор;
- 1970-ж. — СССР Тышкы иштер министрлигинин карамагындагы дипломатиялык жогорку мектепти (азыркы РФ Дипломатиялык академиясы) бүтүргөн;
- 1970-жылдан тартып — Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратында, Япониядагы элчиликте, Саппородогу Генералдык консулдукта дипломатиялык кызматтарда иштеген;
- 1986–1990-жж. — СССР Тышкы иштер министрлигинин Япония секторунун башчысы, кеңешчи;
- 1990-ж. — Саппородогу СССРдин Генералдык консулу;
- 1992–1994-жж. — Россия Федерациясынын Саппородогу Генералдык консулу;
- 1994-ж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүндө эксперт-даанышман, КР Президентинин кеңешчиси;
- 1996–1999-жж. — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы.
Учурда Бишкек гуманитардык университетинде профессор болуп эмгектенет. Эл аралык байланыштар кафедрасын жетектейт.
Үй-бүлөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жубайы — Майрамкан Ажыбековна Юсупова (1939-жылы туулган), Көркөм өнөр музейинин мурдагы директору.
Балдары: уулдары — Авазбек (1960), Мурат (1967), кыздары — Айнура жана Жыпар.
Коомдук ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Кыргызстан–Япония" коомунун президенти;
- Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин камкорчулар кеңешинин мүчөсү;
- "Адилет жана прогресс" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү;
- Совет-жапон сүйлөшүүлөрүнүн жана эл аралык конференциялардын активдүү катышуучусу;
- СССР Тышкы иштер министрлигинин парткомунун мүчөсү болгон.
Чыгармачылыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 3 китептин автору;
- Россия, Япония жана Кыргызстандагы басылмаларда 100дөн ашык макаласы жарыяланган;
- Публицистикалык материалдарында маркум Салижан Жигитов тууралуу кеңири жазган.
Анын эскерүүсүнө ылайык:
"Салижан экөөбүздүн жеке мамилебиз Фрунзе шаарындагы №5 мектептен башталган. Мектептен эле анын шыгы ачылып, ырлары гезиттерге жарыяланчу. Мен болсо экономика багытын тандадым. Ал мени философияга ооп кетет деп ойлогон экен. Ошондон тартып Сакемдин көзү өтүп кеткенге чейин байланышыбыз үзүлгөн жок."
Сыйлыктары жана наамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси;
- РСФСР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы;
- Пушкин медалы (Россия);
- А. Горчаков атындагы I даражадагы коомдук орден (Россия);
- Кыргызстанда "Данакер" ордени, КР Ардак грамотасы, "Түгөлбай Ата" эл аралык коомунун алтын медалы менен сыйланган.
Айрым чыгармалары (тизме)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ишенбай Абдуразаков. Размышления. Ой-толгоолор. Бишкек, 2007. 7-8 бб.
Ал тууралуу эмгектер, макалалар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстан: Улуттук энциклопедия. 1-том. А – Базаркоргон / Башкы редактору академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. – 688 бет, илл. – (Мында: 29-бетте). - ISBN 9967-14-046-1.