Йемен тоолору

Википедия дан
Йемен тоолору.

Йемен тоолору, Жебел Араб жарым аралынын түштүк-батышындагы бийик тоо массивдери жана платолор. Йемен Республикасынын жана Сауд Арабиясынын аймагында. Түндүк-батыштан түштүк-чыгышка карай 500 кмге созулат. Эң бийик жери 3600 м (Эн-Наби-Шаиб чокусу). Кристаллдуу жана жанар тоо тектеринен турган чокулары жалпак бир катар келки тоо массивдери бар. Траптар, өчкөн жанартоолор кездешет. Терең өрөөндөр менен тилмеленген; Кызыл деңиздин жээгине жана Аден булуңуна тик түшүп, түндүк-чыгышында Руб-эльХали чөлү тарапка барган сайын жапыздайт. Кургак талаа, тоо этектеринде чөл, дарыя өрөөндөрүндө жана убактылуу суу аккан нуктардын жээктеринде бадал өсүмдүктөрү өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]