Каба-Сай

Википедия дан
Каба-Сай
Мүнөздөмө
Узундугу 26 км
бассейндин аянты 137 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Жалал-Абад облусу
Район Базар-Коргон району

Каба-СайБазар-Коргон районундагы суу, Кара-Үңкүрдүн оң куймасы. Узундугу 26 км, алабынын аянты 137 км2, алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1800 м. Бабаш-Ата тоосунун түштүк-батыш капталынан агып түшөт. Тоолуу капчыгайдан өткөн жери Шарап деп аталат; ортоңку бөлүгүндө токойлуу өрөөн аркылуу агып, Кара-Үңкүргө куя берген жери куушураак келет. Эки куймасы бар. Жылдык орточо чыгымы 0,95 м3/сек, эң көбү апрель-майда, эң азы январь-февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Каба, Сөгөт, Сасык-Булак, Кыргыз-Каба ж. б. кыштактары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]